Түркияда мертингендер 24 миңден ашып, имараттарды курган 113 адам издөөгө алынды

Өлкөнүн укук коргоо органдары кыйраган имараттардын курулуш сапатынан шек санап 113 адамды кармоого буйрук берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 24 617ге жетти. Бул туурасында өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдиргенин РИА Новости жазды.
Ошондой эле ал имараттардын тийиштүү талаптарга ылайык курулбай калышына шектелген 113 адамды камакка алуу ордери берилгенин айткан. Алардын бирөөсү кармалганы белгиленди.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Анын кесепетинен миңдеген имарат кыйраган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда дагы бир баланы аман-эсен алып чыкты. Видео