Сокулукта 17 жаштагы бала адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Милициянын маалыматына караганда, мушташтын катышуучуларынын бири дүкөнгө чуркап кирип бычак алып чыгып, 28 жаштагы кишини жүрөккө сайган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Сокулук районундагы супермаркетте болгон мушташ учурунда адам өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Өткөн түнү саат 3:30да милицияга супермаркеттин жанында жүрөгүнө бычак жеген 28 жаштагы киши каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Тартип сакчылар жерине келип А.Ш. беш досу менен супермаркетте болгонун такташкан.
“Супермаркетте алардын ортосунда чыр чыгып мушташа кетишкен. Мушташтын катышуучуларынын бири дүкөнгө чуркап кирип бычак алып чыккан дагы А.Ш. аттуу кишини жүрөккө сайган. Жабырлануучу ошол жерде көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерден кандын тагы калган бычак табылган. Сокулук райондук ИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козгоду.
Шектүүлөр из сууй электе кармалган. Алар 17 жаштагы С.А. жана 18 жаштагы Э.А. экени аныкталып, Сокулук райондук тергөө кызматына жеткирилген. С.А. адам өлтүрүүгө шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Колу-бутун байлап сууга ыргытышкан. Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды