Россия көркөм өнөр багытындагы окуу жайларынан бюджеттик орундарды берүүдө

Чыгармачыл абитуриенттердин эсине. Россиянын окуу жайлары бюджеттик орундарды берүүдө
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россия көркөм өнөр жаатындагы жогорку окуу жайларынан кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде орундарды берет. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" (Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү) кабарлады.
Окууга өткөн кыргызстандык студенттерге акысыз жатакана жана стипендия берилет.
Документтер 2023-жылдын 20-февралына чейин сайтында https://education-in-russia.com кабыл алынат.
Каалоочулар төмөндөгү багыттар боюнча окууга тапшыра алат:
Аткаруу искусствосу жана адабий чыгармачылык;
Музыкалык искусство;
Сүрөт жана прикладдык искусство;
Экран искусствосу.
Аталган адистиктер боюнча окууга тапшыра турган талапкерлер чыгармачылык сынактан өтүшөт. Сынактар качан жана кайда болорун тандалган университеттин өкүлдөрүнөн билүүгө болот.
Кененирээк маалыматты сайтынан https://uchebarf.kg/ алууга болот.
Россия медициналык окуу жайларынан кыргызстандыктарга 70 бюджеттик орун берет