БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү ири долбоорлор аягына чейин так аткарылышы үчүн мамлекет аларды өзгөчө көзөмөлгө алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз инвестициялык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында долбоорлорду ишке киргизүү жол-жобосун мындан ары жөнөкөйлөштүрүүгө жана ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга чакырган.
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү борбору түзүлүп, 2026-жылга чейин МЖӨ программасы жана зарыл болгон мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды. Бирок иш жүзүндө долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү талап кылынат. Аймактардагы чакан долбоорлор жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке киргизилиши керек, ал эми стратегиялык долбоорлор өзгөчө тартипте кабыл алынат”, — деп айткан Жапаров.
Өкмөттүн маалымат кызматы жазгандай, МЖӨ механизми толук кандуу иштебесе экономиканын динамикалык өнүгүүсүн камсыздоо кыйынга турат.
Мындан тышкары, Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстандын инфраструктуралык долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электрондук накладнойлорду колдонуу маселелерин карашкан.