Нарында лыжа боюнча акимдин кубогу өттү

Биринчилик Казан-Куйган айылында классикалык стиль жана эстафета түрүндө өткөрүлдү.
Sputnik
Бишкек, 12-фев. Sputnik. Кечээ, 11-февралда, Нарын районунун Казан-Куйган айылында лыжа жарышы биринчилигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ачылыш аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ысык-Көл облусунун кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун өкүлдөрү катышты.
1 / 3

Кечээ,11-февралда, Нарын районунун Казан-Куйган айылында лыжа жарышынын ачылыш аземи болду

2 / 3

Маалым болгондой, ачылыш аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ысык-Көл облусунун кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун өкүлдөрү катышты

3 / 3

Мелдеш Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын облустук Жаштар иши, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Нарын райондук Балдар-уландар спорт мектеби тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 73 бала катышты

Мелдеш Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын облустук Жаштар иши, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Нарын райондук Балдар-уландар спорт мектеби тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 73 бала катышты .
Спорттук мелдешке Ат-Башы районунан, Нарын шаарынан, Нарын районунан балдар жана кыздар катышты.
Биринчилик Казан-Куйган айылында классикалык стиль жана эстафета түрүндө өткөрүлдү, 12-февралда Оттук айылында эркин стиль түрүндө улантылып, жеңүүчүлөр аныкталды .
Аралыктар боюнча 1-2-3-орунду камсыз кылган спортчулар Нарын облустук Жаштар иши, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан тийиштүү даражадагы медаль жана дипломдор менен сыйланышат.
Командалык эсепте байгелүү орундарды ээлеген командалар Нарын районунун акиминин акчалай сыйлыктары менен сыйланышат .
Бул спорттук мелдештин негизги максаты — өспүрүмдөрдү лыжа спортуна тартып, кеңири жайылтуу.
Нарын: 25 бүтүрүүчүнү Медакадемияда акысыз окутуп, кайра облуста иштетүү каралууда