Кыргызстандык куткаруучулар, дарыгерлер 75 боз үйдү алып Түркияга учуп кетишти

Куткаруучулардын жарымы шейшемби күнү кетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Кыргызстандан 50 куткаруучу учуп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар менен кошо алты дарыгер жана боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлгөн.
1 / 3

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине жардам берүүгө Кыргызстандан 50 куткаруучу учуп кетти

2 / 3

Маалыматка ылайык, алар менен кошо алты дарыгер жана боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлгөн

3 / 3

Ал эми калган куткаруучулардан турган топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар менен 14-февраль күнү жиберилет

Ал эми калган куткаруучулардан турган топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар менен 14-февраль күнү жиберилет.
Бүгүн “Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулган. Узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышкан.
Белгилей кетсек, 6-февраль күнү Түркияга Кыргызстандан 63 кишиден турган куткаруучу топ жөнөтүлгөн. Андан кийин да 100 куткаруучу, 100 боз үй жана башка керектүү буюмдарды жиберүү пландалган.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда дагы бир баланы аман-эсен алып чыкты. Видео