БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, келе жаткан жума жаан-чачындуу болот. Айрым жерлерде кар түшөт.
Чүйдө
12-16-февраль күндөрү тоолуу райондорго кар түшөт, айрым аймактарда күндүзү күн ачык болот. 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Таласта
12-13-февралда жана 14-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт.
Ал эми 16-февралда күндүз, 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткенде
Облустун айрым аймактарында 12-17-февраль күндөрү кар түшүшү күтүлөт. Кээ бир жерлерде күндүз күн ачык болот.
18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан жана кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарында
Облуста 12-февралда күндүз жана 13-14-февралда күн ачык болот. Ал эми 15-18-февраль күндөрү айрым жерлерде кар жаайт.
Бардык жерде жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.