Кыргызстандык кинотартуучулар жоктон бар кылууда. Бул тууралуу Шамиль Бекбосун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, элдин көбү кинону бекер көргүсү келет.
"Биздин өлкөдө кайсы гана тармак болбосун ишти жогорку деңгээлде жасоо үчүн каражат жетишпейт. Мисалы, өзүмдүн көркөм сүрөтчүлүк кесибим тууралуу айта турган болсом, тапшырык берчү адам кинодогу офисти же үйдү ушундай болсун деп интернеттен көрсөтөт. Сарпталчу каражатты эсептей келгенде өтө чоң сумма чыга келет. Россиядагы көркөм сүрөтчүлөрдүн иштөө принциби биздикиндей эле. Бирок алар көп каражат салат. Жакында Россиядан келген киночулар биздин тасма тартып жатканыбызды көрүп бир эле скотч менен иштей берет экенсиңер деп таң калышты. Бизде жоктон бар кылгандар эмгектенишет. Мындан тышкары, биздин эл акча төлөп кино көргүсү келбейт. Жарнама чыккандан кийин дароо эле “интернетке качан чыгат” деп сурашат. Ал эми кино тартуу үчүн акча керек, акча болсо элден же өкмөттөн келет", — деди Бекбосун уулу.
Ал кошуна мамлекеттер кыргыз тасмаларын өзүнүн мамлекетинде көрсөтүүгө көп деле ынтызар эместигин кошумчалады.