БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болору туурасында божомолун таратты.
Ага ылайык, 13-14-февраль күндөрү тоолуу райондордо кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт.
Ал эми 15инен 19-февралга чейин да көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Апта ичи жаанчыл болгонуна карабастан катуу суук болбойт.