Баткен менен Исфаранын акимдери жазгы талаа жумуштарын тынч өткөрүүнү макулдашты

Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук суу чарба башкармалыгынын жана башка тиешелүү органдардын жетекчилери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Тумба жерлигинде Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода менен жолугушту. Бул туурасында акимчиликтен билдиришти.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук суу чарба башкармалыгынын жана башка тиешелүү органдардын жетекчилери катышкан.
“Чек ара, укуктук тартип, сугат суу, жазга карата арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, чарба иштери жана башка күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселеси каралып, чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоо талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жазгы талаа жана вегетациялык жумуштарды тынч өткөрүү максатында суу чарба жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар бекитилген иш мерчемдин алкагында иштөө жана макулдашылбаган мыйзамсыз курулуштар, көчөт отургузуу фактыларын болтурбоо, эгер катталса баштапкы абалына келтирүү жактарын макулдашышкан.
Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүү 4 күндөн кийин башталат