БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Хатайдагы ( Түркиядагы провинция) зилзала тереңдиги 30 метр болгон жараканы пайда кылды. Бул тууралуу Ihlas Haber Ajansi жазган.
Бул жарака көп аймакка созулуп жаткан зайтун бактары тигилген талааны 200 метрдей аралыкка — экиге бөлүп салган.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркиядагы жер силкинүүдөн улам көз жумгандардын саны 20 665 кишиге жеткени кабарланды.