Түркиядагы зилзаладан кыргызстандык келиндин каза тапканы тастыкталды

ТИМден консулдуктун кызматкерлери сөөктү Кыргызстанга жеткирүү боюнча иш алып барып жаткандыктарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандык аял Хатайдагы (Түркия) зилзалада көз жумгандыгын ТИМ тастыктады.
Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКлар Стамбулдагы консулдукка таянуу менен Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү табылганын жазган болчу. Бирок КРдин Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев маалымат так эмес деген билдирүү жасаган.
Анталья шаарындагы консулдуктун өкүлдөрү көз жумган келиндин сөөгүн мекенине жиберүү боюнча иштер менен учурда Хатай шаарында жүргөнү айтылды.

“Анын сөөгүн туугандары тааныды. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери сөөктү Кыргызстанга жибериш үчүн тиешелүү документтерди толтуруп жатышат. Маркумдун жакындарына, туугандарына көңүл айтабыз”, — деди ТИМден.

Эскерте кетсек, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин түш ченде да катуу силкинген. Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду. Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилди. Жер титирөөнүн эпкини Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына тийип, адам өмүрү кыйылып, кыйроолор катталган.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда 21 848 адам каза тапканы, 80 104 адам жаракат алып куткарылганы айтылды.
Учурда Түркиянын Кахраманмараш шаарында башкалардын катарында кыргызстандык куткаруучулар да адам өмүрүн сактоо үчүн издөө иштерине катышууда.
Кыргызстан Түркияга алты багыттагы дарыгерлерди жөнөтөт