Түркияда жер силкинүүдөн көз жумгандардын саны 20 миң 665ке жетти

Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Түркияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу Sputnik Түркия Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына (AFAD) таянып кабарлады.
"Соңку маалыматтар боюнча, каза тапкандар 20 665ке жетип, 80 миң 88 адам куткарылды", — деп жазды агенттик.
Учурда издөө иштери 10 провинцияда жүрүп жатканы кабарланды.
Жергиликтүү адистерден сырткары чет мамлекеттерден келген 7 716 куткаруучу адамдардын өмүрүн сактап калууга — издөө, куткаруу иштерин жасап жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин да улам кайталанып жатты. Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.
Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилди.
Жер титирөөнүн эпкини Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына тийип, кыйроолор катталган. Дүйнөлүк ЖМКлардын маалыматында 3 162 киши каза тапты.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандыдан кишини тирүү алып чыгышты. Видео