Талас облусунун 18-февралга чейин болжолдуу аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Талас облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 12-13-февралда жана 14-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт.
Ал эми 16-февралда күндүз, 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Депутаттар жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштады