Бишкекте спорттун төрт түрү боюнча чемпионат өтөт

Чемпионатка 12 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу Азия — Тынч океан сурдо (угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакшы укпагандар арасында) чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, чемпионаттын катышуучулары спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат. Алар: таэквондо, дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш. Чемпионатка 12 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышат.
Таймаштар Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 2-мартта башталып, 11-мартка чейин уланат.
Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатына катышат