Салык кызматы: ККМ салыктын жыйналышына оң таасирин берди

Өткөн жылы 50,3 миллиард сомго көп салык төлөмү жыйналгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кассаны көзөмөлдөөчү машиналардын (ККМ) колдонулушун кеңири жайылтуу салыкты жыйноодо натыйжасын бергендигин Салык кызматы билдирди.
Маалыматта ага мисал катары былтыр чогулган салыктын көлөмү кескин өскөндүгү айтылат.

"2022-жылы 156 миллиард сомдон ашык салык жыйналды. 2021-жылы - 105,7 миллиард, 2020-жылы - 79 миллиард, 2014-жылы - 42,2 миллиард, ал эми 2010-жылы 24,2 миллиард сомду түзгөн", — деп билдирди аталган кызматтан.

Ведомство ККМ киргизүүнүн жыйынтыгында кошумча нарк салыгы 2022-жылы 21,3 миллиард сомду түзсө, 2021-жылы 15,4 миллиард сом болгонун маалымдаган.
Автоунаа базарларынан мамлекетке канча акча түшөт? Статистика