БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандыктарды тез арада акча утуп алууну сунуштаган онлайн-тиркемелерди колдонбоого чакырат.
Агенттик жарандардан алдамчыларга туш болгондугу тууралуу арыздар келип жатканын кабарлады. Алар "Ягоды плюс" деген оюнду ойноп, ири суммадагы акчасын жоготкон.
Мекеме жарандарды банк картасын, электрондук капчыктарын же башка жеке маалыматтарын сураган онлайн-оюндарга катышуудан алыс болууга чакырат.
"Телефонуңузга жеңил утушка чакырган тиркемелерди жүктөбөгөнгө аракет кылыңыз. "Бул чындап эле иштейт", "Акча чындап эле келет!" деген сыяктуу чакырыктарга ишенбеңиз. Алар жарнамалык максатта атайын жазылышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.