Литвага Беларусь аркылуу жетебиз деген кыргызстандыктардын "жардамчылары" кармалды

Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эки жаранын Литвага мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Украина менен Беларустун жарандары кармалды. Бул тууралуу Беларустун Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта Украинанын жараны Полоцк чек ара отрядынын кызматкерине пара берүүгө аракет кылгандыгы айтылат. Кармалган экинчи адам — Беларустун жараны, анын шериги.
Аталган өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" жана "Пара берүү" беренелери боюнча иштери козголгон.
Алар Витебск шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмышка шектүүлөр үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Аталган мамлекеттин Чек ара кызматынын билдирүүсүндө кыргызстандыктар тууралуу башка маалыматтар айтылган эмес.
Кыргызстанда машина айдаганды үйрөткөн мектепти тандоодо эмнеге көңүл буруу керек