Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандыдан кишини тирүү алып чыгышты. Видео

Тирүү табылган адам талкаланган имараттын алдында алты күн жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Түркияда зилзала кесепетин жоюуга катышып жүргөн кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында калган адамды алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тирүү табылган киши талкаланган имараттын алдында алты күн жаткан.
Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин улантышууда. Алар буга чейин урандыдан 48 жарандын сөөгүн таап беришкен.
Түркияга Кыргызстандан 67 кишиден турган куткаруучу топ жөнөтүлгөн. Ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учуп кетүүгө даярдык көрүп жатат.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда болгон зилзаладан 20 213 адам каза таап, 80 052 жабыркады.
Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана медициналык буюмдарды жөнөтөт