Коргоо министрлигинин кызматкерлери Түркияга бир күндүк маянасын которот

Учурда Түркиянын Кахраманмараш шаарында башкалардын катарында кыргызстандык куткаруучулар да адам өмүрүн сактоо үчүн издөө иштерине катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга бир күндүк маянасын которот. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Андан сырткары гуманитардык жардам катары аскердик жыйырма чатыр жөнөтөрү айтылды.
"600 адамга ылайык келген чатырлар КРдин Коргоо министрлигинин Оорук базасында камдалып даяр турат. Алар 20, 30 жана 40 адамга, жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган. Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын которушат", — деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин түш ченде да катуу силкинген. Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду. Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилди. Жер титирөөнүн эпкини Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына тийип, адам өмүрү кыйылып, кыйроолор катталган.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда 20 665 адам каза тапканы айтылды.
Учурда Түркиянын Кахраманмараш шаарында башкалардын катарында кыргызстандык куткаруучулар да адам өмүрүн сактоо үчүн издөө иштерине катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары да Түркиядагы жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которууну чечишкен.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандыдан кишини тирүү алып чыгышты. Видео