Радио

Манасчы "бычан" деген сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Толук бышып, жетиле элек чөп же эгин "бычан" деп айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздүн маанисин учурда көптөр биле бербейт.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "бычан" деген беш тамга, эки муундан турган сөз бар. Муну айрымдар Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы жайлоонун аты катары кабылдап калышы ыктымал. Анткен менен ошол жердегилер деле бул сөздүн маанисин көп биле бербейт. Ошол жайлоого бул сөз кандай болуп ыйгарылып калганын көптөр аңдай беришпейт. Манаста: "Көйкөлгөн бычан чөп экен" деген сап бар. Ал сөз толук бышып, жетиле элек чөп же эгин дегенди түшүндүрөт", — деди Талантбеков.
Манасчы кыргыз тилинде өсүмдүктү жетиле электе, бышканда жана соолуганда түшүндүрө турган сөздөрдүн бар экенин кошумчалады.