Казакстан төрт айга бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салат

Буйрук расмий жарыялангандан кийин он күндүн ичинде күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Казакстандын бийлиги төрт айга республикадан транспорттун бардык түрлөрү менен бензинди, дизель майын жана мунай заттарынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу 8-февралда Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин маалымат кызматы билдирди.
"Казакстандын аймагынан мунай продуктуларын экспорттоонун айрым маселелери жөнүндө" биргелешкен буйрукка ылайык, төрт айлык мөөнөткө Казакстандын аймагынан транспорттун бардык түрлөрү менен майлоочу майларды кошпогондо, бензин, дизель майы жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн алып чыгууга тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.
Биргелешкен буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Экспортко тыюу салуу эмне үчүн киргизилди?

Казак бийлиги мындай чара улуттук экономиканын өнүгүүсүнүн туруктуулугун камсыз кылуу жана ички рынокто мунай продуктуларынын тартыштыгын болтурбоо максатында киргизилгенин билдирген. Казакстанда күйүүчү майдын баасы коңшу өлкөлөргө караганда кыйла арзан. Бул транзиттик айдоочуларды, жергиликтүү тургундарды жана чектеш райондордун тургундарын республикада мүмкүн болушунча май куюп гана тим болбостон, сатуу үчүн күйүүчү майды экспорттоого да түрткү берет. Бийлик өз муктаждыктары үчүн күйүүчү май тартыш болушунан чочулоодо.
Бензиндин ар бир литринен салык алып, анын эсебинен жолдорду оңдоо каралууда