Адамдар Марска качан коно алат? Илон Масктын жаңы божомолу

Маск 2050-жылга чейин Марста миллион калкы бар алгачкы шаарды курууну убада кылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Tesla, Starlink жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск эл качан Марска коно аларын божомолдоду.
SpaceX компаниясы Booster 7 деп таанылган Starship ракетасынын прототибин сыноодон өткөргөн видеону чыгарды. Маск анда сүйлөп жатып "Бир учурда Starship бизди Марска алып барат" деген.
Комментарийлерде андан тарыхый окуя качан болушу мүмкүн экенин сурашкан.
"Мен төрөлгөнүмдөн эле оптимист экенимди моюнга алышым керек (антпесе SpaceX жана Tesla болмок эмес). Менимче, бул беш жылда болушу мүмкүн, бирок он жыл ичинде сөзсүз ишке ашышы керек", — деген ишкер.
Башкача айтканда, адамдар Марска 2028-жылы же 2033-жылы коно аларын билдирди.
Маск 2022-жылга чейин Марска биринчи жүк ташуучу миссияны уюштура турганын билдирген, ал эми 2050-жылга чейин Марста миллион калкы бар алгачкы шаарды курууну убада кылган.
Bloomberg: Илон Маск 200 млрд. доллардан кол жууган биринчи адам болуп калды