БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштады. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Фракциянын лидери Жанар Акаев баштаган депутаттар ТЭЦ-2 (Ак-Ордо) конушунун тургундары менен жолугушуп, үйлөргө газ киргизүүдөгү көйгөйлөр тууралуу кеңири талкуу жүргөн.
"Соңку жылдары борборду каптаган ыш олуттуу көйгөйгө айланды, аны чечүү аракеттери жыл бою токтобошу керек. Ал үчүн конуштардын тургундарына газга туташууга кеткен чыгымын жаба турган өлчөмдө субсидия берүү зарыл. Биз муну министрлер кабинетине сунуштайбыз. Экология, саламаттыкты сактоо тармагына алынып жаткан гранттардын бир бөлүгү ушул багытка жумшалышы керек", — деди Акаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар депутаттарга бир нече социалдык көйгөй менен да кайрылышкан.
Алсак, 130-маршруттук каттамдын токтоочу (конечный) жерине айдоочулар ашкана жана башка керектелүүчү курулмаларды салып берүүнү өтүнүшсө, жергиликтүүлөр тез арада аталган конушту Сокулук районунан бөлүп Бишкекке өткөрүү, жашылдандырууга мэриядан уруксат алып берүү, таза суу менен камсыздоо, балдар мектепке баруучу жолду жарыктандырууну суранышкан.
Ал эми эл өкүлдөрү ТЭЦ-2де турган 600 адамдын кайрылуусун четке какпай, айтылган көйгөлүү маселелерди министрлер кабинети менен биргеликте карап, мыйзам чегинде чечилүүсүн көзөмөлгө аларын убадалашкан.