Жалгыз бой адамдар кант диабетине көбүрөөк кабылат. Жаңы изилдөө

Кант диабети – бул кандагы канттын деңгээлинин жогорулап кетиши. Анда бөйрөк, нерв системасы жабыркап, көздүн көрүүсү начарлайт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Үй-бүлөлүү адамдар бойдокторго караганда кант диабетине азыраак кептелет. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы Люксембург жана Канаданын окумуштууларынын биргелешип жүргүзгөн иликтөөсүнө таянуу менен жазды.
Адистер иликтөөсүн 2004-2013-жылдар аралыгында 50 жаштан 89 жашка чейинки 3 335 кишинин арасында өткөргөн. Алардын бардыгы мурда кант диабети менен оорубагандар болгон.
"Катышуучулар бул жылдар аралыгында үч ирет (2004–2005, 2008–2009, 2012–2013-жылдары) анализдерди тапшырышкан. Жыйынтыгында жалгыз бой же ажырашып кеткен кишилердин ичинен кант диабетине кабылгандар көбүрөөк чыккан. Мындан улам дарыгерлер үй-бүлөлүк жашоо, жаныңда жакын адамдын болушу, сырдашуу сыяктуу нерселер ден соолукка жакшы таасир этиши мүмкүн деген бүтүмгө келди", — деп айтылат макалада.
Кант диабети – бул кандагы канттын деңгээлинин жогорулап кетиши. Анда бөйрөк, нерв системасы жабыркап, көздүн көрүүсү начарлайт.
Айрымдары өтө кооптуу. 50 жаштан өткөндөрдү тооруган 5 илдет