12-февралга карата аба ырайы

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
12-февралга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көлдүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Талас жергесинде -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...-5, ал эми Нарында -4...-9 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте 0...-2 жана Ош калаасында +2...+4 градус болот.
Адамдар Марска качан коно алат? Илон Масктын жаңы божомолу