"КРдин Улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамын инвентаризациялоо боюнча 2020-жылдагы президенттин жарлыгына ылайык, мыйзамды эксперттик топ карап чыгып, эки беренеге өзгөртүү киргизилди. Өткөн жумада укуктук документ Жогорку Кеӊеште экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды. Президент кол койсо күчүнө кирет. Бул тууралуу Ашыралы Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдагы өзгөртүүлөр өлкөнүн тарыхына жана маданиятына эч кандай коркунуч жаратпайт.
"Өздүк курам боюнча эмгек стажы, эмгек акысы тууралуу документтер мекеме, уюмдарда 75 жыл, ведомство жоюлуп кетсе мамлекеттик архивде сакталат. Бул документтердеги акыркы 53-55 жылдагы маалыматы гана керек болгондуктан жана сактоочу жайлардын тартыштыгынан улам социалдык фонд менен макулдашып, анын сактоо мөөнөтүн 75 жылдан 60ка кыскарттык. Бул документтерди андан узак сактоонун пайдасы деле жок. Экинчиден, мамлекеттик архив тарабынан берилген күбөлөндүрүлгөн көчүрмө документти түп нускага теӊөө чечими кабыл алынды. Бул тажрыйба жүзүндө колдонулуп жүрөт. Эми мыйзамга киргизилди. Бул өзгөртүүлөр тарыхыбызга жана маданиятыбызга эч кандай коркунуч жаратпайт", — деди Рысалиев.
Ал мамлекеттик архивдерде өлкөнүн коомдук-саясий өнүгүүсү боюнча тарыхый күчү бар документтер мөөнөтсүз түбөлүк сакталарын кошумчалады.