БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан ачылган атайын эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулду. Бул туурасында Финансы министрлигинин 10-февралда саат 16:00гө карата берген маалыматында айтылат.
Табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө которо алат. Атайын эсеп 7-февраль күнү ачылган болчу.
"Айыл Банк" ААКы:
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 "КР Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты — Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Маалымат үчүн номерлер:
ӨКМ —112;
КР президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Мындан сырткары, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да өзүнчө эсеп ачкан. Ал эми материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына алып барса болот.