Душанбедеги РФ элчиси: талибдер бир дагы убадасын аткарган жок

Элчи тажик-афган чек арасы КМШ менен ЖККУнун түштүк чеги болорун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Талибдер Афганстанда бийликке келгенде берген убада аткарылган жок. Бул тууралуу Россиянын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьевдин айтканын РИА Новости жазды.
"Талибдер бийликке келгенден кийин берген убадаларынын бардыгын аткарышкан жок. Бийликке келгенден соң Афганстандын аймагынан террордук коопсуздук жаралбайт деп кепилдик беришкен. Анткен менен акыркы жылдары бир нече терактылар жаңырды. Анын ичинде Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүккө каршы жана түндүк коңшулар болгон менен чек арада жасалганына күбө болдук", — деген ал.
Дипломат Афганстан терс сценарий менен өнүгүп бара жаткандыгын, алар бийликке келгендеги — эл аралык террордук уюмдар менен күрөш, инклюзивдик өкмөттү түзүү, контрабанда менен баңгизаттарына каршы туруу боюнча убадалар аткарылбаганын билдирди.
"Террордук уюмдар ээн-эркин жүрүп, инклюзивдүү өкмөт туурасында кеп да болгон жок. БУУнун маалыматына таянсак, апийим айдалган аянт көбөйүп, синтетикалык баңгизатты өндүрүү бир нече ирет арбыган. Буга афган элинин болуп көрбөгөндөй жакырлыкта жашашы кошул-ташыл болууда", — деген элчи.
Террорчулар менен экстремисттердин кирип келүү кооптуулугу туурасында айткан Григорьев анткен менен 1400 чакырымга созулган тажик-афган чек арасынын бекемдигин, ачыктыгын, алар ачык кирип келип текшерүүгө даай албастыгын, бул аймак КМШ менен ЖККУнун түштүк чеги болорун эске салды.
"Анткен менен окуянын эң жаман жагынан алганда өнүгүп кетиши, кырдаалдын курчушу боюнча ар кыл сценарийлер да каралган. Тажик тарап коргонуу, атайын ведомство жана чек ара кызматтары менен тыгыз байланышта болуп турушат. Бир нерсе чыгып кетсе дароо көрүлүүчү тиешелүү кадамдар, анын жамааттык форматта реакция кыла турган иш-чаралар байма-бай сыналып, жасалып турат", — деп билдирди Григорьев.
Дипломат түштүк чек аралардагы коопсуздуктун кепилдигин алуу боюнча жоопкерчилик ЖККУнун 201-аскердик базасына тагылгандыгын айтты. Алар өтө татаал, жоопкерчиликтүү миссияны Тажикстан менен биргеликте татыктуу аткарып жаткандыктарын белгиледи.
Путин: афган согушкерлеринин ЖККУ өлкөлөрүнө кирүү коркунучу бар