Коопсуздукту бетке кармап. РФ ЕБдин Борбор Азиядан маалыматты кантип аларын айтты

Буга чейин Евробиримдиктин Россия менен Кытайдын таасирин "теңдештирүү үчүн" Борбор Азияга арбыныраак барууга ниет кылып жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Евробиримдик Борбор Азия мамлекеттерине Россияга тиешелүү маанилүү делген маалыматтарды алуу максатында коопсуздук боюнча "кызматын" көрсөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ мамлекеттери боюнча иш алып барган үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник айтканын РИА Новости билдирди.
"ЕБге келсек, алар экономикалык жана технологиялык "байланыш" менен коопсуздукту камсыз кылууда либералдык "баалуулуктарды" жана "кызматтарды" илгерилетип жатат. Европалыктар өнөктөштөрүнө жогорудан туруп карашат, ал эми алар үчүн коопсуздук тармагы өзгөчө делген маалыматтарды, анын ичинен Россияга тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн эң сонун "ыкма" болуп калат деген нерсе бар", — деген ал.
Буга чейин ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Евробиримдик Россия менен Кытайдын таасирин "теңдештирүү үчүн" Борбор Азияга арбыныраак барууга ниет кылып жаткандыгын айткан. Андан сырткары, Россияны айланып өткөн транспорт коридорлорун куруу жаатында Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүү боюнча да билдиришкен.
Рублге ыктоо: Россия коңшуларынын экономикасын өзгөртүүгө түрткү болчудай