Россия Борбор Азия өлкөлөрүндө миграцияга даярдык көргөн борбор ачуу ниетинде

Тараптардын макулдашууну жылдын аягына чейин түзүп бүтүүнү көздөп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россия быйыл миграция жаатында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости РФ ТИМинин КМШ мамлекеттери боюнча иш алып барган үчүнчү департаментинин директору Александр Стерникке шилтеме кылып кабарлады.
Дипломаттын айтымында, аталган үч өлкөдө миграцияга чейинки даярдык борборлорун ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
"Биздин мыйзамдарга ылайык, Россияга барууну каалагандарга бир топ кызматтар (бармак изи, сүрөткө тартуу, каттоо) көрсөтүлөт. Жумуш берүүчүлөр боюнча консультация, керектүү медициналык маалым каттарды берүү каралган", — деди Стерник.
Аткаминер активдүү болуп жаткан миграциялык агымды бир тартипке, иретке келтирүү боюнча иш биргеликте жүргүзүлө тургандыгына токтолду.
"Мында биздин кызыкчылыгыбыз бар. Жыл аягына чейин Кыргызстан, Өзбекстан, балким, Тажикстан менен да өкмөттөр аралык тиешелүү макулдашууларга кол коюуну аягына чыгаралы деп турабыз", — деп кошумчалады ал.
Москвада оор кырдаалга кабылган мигранттар жашап турчу жай бар. Дареги