БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 16 жыл мурда Россия лидери Владимир Путиндин Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда сүйлөгөн сөзү азыр да актуалдуулугун жоготкон жок.
Андагы айтылгандарды эске салабыз.
Россияга ар дайым демократияны үйрөтүп келишет. Бирок үйрөткүсү келип жаткандар өздөрү эмнегедир үйрөнгүлөрү келген жок;
Азыркы, заманбап дүйнөдө бир полярдуу модель ыңгайсыз эле эмес, таптакыр эле болбогон, жарабаган нерсе;
Бириккен Кошмо Штаттардын бардык укуктук системасы өзүнүн улуттук чегинен ашып, башка мамлекет деп аталып калды;
НАТОлук кеңейүү процессинин альянстын жаңыланышына жана Европадагы коопсуздуктун камсыздалышына эч кандай таасирин бербейт;
Россия көз карандысыз тышкы саясаты жүргүзүү арткычылыгынан ар дайым колдонгон. Салт болуп калган бул нерсебизди өзгөртүү ниетибиз жок.
Бул тарыхый учур туурасында азыр да саясий айдыңда пикирлер айтылып келет.
Маселен, баяндамачы Харлан Ульмандын бул тууралуу Hill басылмасында айткан.
"Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда Путин "дүйнөнүн чордону" болуп алган АКШга багыттап жаалдана сүйлөгөн. НАТОнун кеңейишине каршылыгын билдирген. Путиндин сөзү жыйындын катышуучуларын абдан таң калтырса да жалпысынан айтылган нерсе айтылган жерде калган. Мына ушул чоң ката болгон", — деген Ульман.