Мамкурулуштун башчысынын жана орун басарынын тийиштүү билими жок болуп чыкты

Депутат аткаминерге курулуш тармагын түшүнгөн, архитектураны ичинен билген адамдарды орун басарларлыкка алса иштөөгө жеңил болорун сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловдун жана орун басарынын өз тармагы боюнча билими жок. Бул туурасында парламентте "Мекенчил" тобунун жыйынында аткаминер өзү айтып берди.
Депутат Айбек Осмонов Жыпаркуловдун кесиптик билимине кызыгып сураган. Экөөнүн диалогу төмөндөгүдөй болду:
Осмонов: — Негизги кесибиңиз кандай?
Жыпаркулов: — Мен биринчи Кыргыз улуттук университетинде юридика факультетин бүткөм, андан кийин Москвада Дипломатиялык академияда эл аралык мамилелер боюнча окугам. Дипломатмын.
— Архитектура жана курулуш боюнча билимиңиз жокпу?
— Жок.
— Канча орун басарыңыз бар?
— Үчөө бар.
— Ошолордун арасында архитектура жана курулушту түшүнгөндөр барбы?
— Бар, үч-төрт күн мурун дайындалды. Дал ошол тармак боюнча ичинде көп жылдан бери иштеп жаткан аябай тажрыйбалуу, бардык нерсени түшүнгөн Азирет Акимов коюлду.
— Сиз өтө оор, жоопкерчиликтүү тармакка келдиңиз. Чындыгында ичинен билген адамдар болсо жакшы болмок, мейли эми, орун басарларыңыз билет экен.
Аягында депутат курулуш тармагын түшүнгөн, архитектураны ичинен билген адамдарды орун басарларлыкка алса иштешине жеңил болорун сунуштады.
Белгилей кетсек, Мамкурулуштун башчысы Жыпаркуловдун биринчи орун басары Жолдошбек Абдраевдин кесиби инженер-куруучу, дагы бир орун басары юрист, магистратураны мамлекеттик саясат жана башкаруу багытында окуган. Жогоруда аты аталган Азирет Акимовдун кесиби архитектор.
Мамкурулуш: Бишкекте курулуп жаткан үйлөр 9 баллдык жер титирөөгө чыдайт