"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдинги жоюлат

Финансы министрлигине холдингди жоюу жана бул боюнча комиссия түзүү тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКы жоюлат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттөн маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине холдингди жоюу жана бул боюнча комиссия түзүү тапшырылган. Комиссия тиешелүү иштерди эки ай аралыгында карап чыгууга тийиш.
Маалыматта министрлер кабинетинин өткөн жылдын август айындагы тескемеси менен "Кумтөр голд компани" ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу токтотулганы кошумчаланган.
Бензиндин ар бир литринен салык алып, анын эсебинен жолдорду оңдоо каралууда