Чек ара кызматы: Кара-Сууда Өзбекстанга кеткен туннель табылды. Видео, сүрөт

Бул Кыргызстандын аймагынан коңшу өлкөлөргө чыккан алгачкы туннель эмес. Өткөн жылдын июнь айында Тажикстан менен Өзбекстанга алып чыккан бир нече туннель табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда Өзбекстанга кеткен туннель табылганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта операция 9-февраль күнү УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери менен биргеликте жасалганы айтылат.
"Мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган туннелдин узундугу 200 метр, бийиктиги 1,5 метр, туурасы 80 сантиметр экени аныкталды. Ал Түштүк Фергана каналынын алдынан өтүп, Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды өткөрүп жатканы кабарланды.
Бул Кыргызстандын аймагынан коңшу өлкөлөргө чыккан алгачкы туннель эмес. Өткөн жылдын июнь айында Кара-Суу району менен Баткенден Тажикстан менен Өзбекстанга алып чыккан бир нече туннель табылган.
Кыргыз-өзбек мамилеси: туннелдер байланышы