Радио

Ипотекага берилчү көп кабаттуу үйлөр жыл соңуна чейин курулат

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Амантур Омуров мамлекет тарабынын тургузула турчу турак жайлар рынок баасынан арзан, жеткиликтүү шартта берилерин айтты.
Sputnik
Ипотекага берилчү көп кабаттуу үйлөр жыл соңуна чейин курулуп, этабы менен жарандарга берилет. Бул тууралуу Амантур Омуров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, курула турчу үйлөр Бишкек шаарында эки жерде жана республиканын аймактарында жайгашат.
"Ипотекага берилчү көп кабаттуу үйлөр жыл соңуна чейин курулат деп пландап жатабыз. Бишкек шаарында эки жеринде, Каракол, Жалал-Абад, Талас жана башка аймактарда жайгашат. Бирок курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт, баарын дароо бүтүрүү мүмкүн эмес. Алгач долбоорун иштеп чыгуу, жерлерди кароо сыяктуу маселелерге убакыт керек. Турак жай рыноктук шартты эске алуу менен жеңилдетилген шартта берилет", — деди Омуров.
Ошондой эле адис курула турчу турак жай үчүн ипотекалык насыя "Керемет банк" аркылуу берилерин кошумчалады.