Мамкурулуш: Бишкекте курулуп жаткан үйлөр 9 баллдык жер титирөөгө чыдайт

Учурда мыйзамсыз курулуш боюнча 87 объектинин иши сотто каралып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан үйлөр 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин Бишкек шаардык архитектураны көзөмөлдөө жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу билдирди.
Парламенттин "Мекенчил" депутаттар тобунун жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов республикадагы көп кабаттуу турак жайлардын сейсмикалык туруктуулугу жөнүндө сураган.
"Жер кыртышына жараша болот. Негизинен 8-9 баллга чейин туруштук бере тургандай болуп эсепке алынат. Ошого ылайыктуу экспертизалык корутундунун негизинде курулуш иштери башталат. 9 баллга чыдай турган болуп курулат", — деди Иманакун уулу.
Ошондой эле ал учурда мыйзамсыз курулуш боюнча 87 объектинин иши сотто каралып жатканын, анын 36сы Бишкек шаарында экенин айтты.
Белгилей кетсек, Түркия миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепетинен улам коомчулук Кыргызстандагы үйлөрдүн сапаты тууралуу талкуу көңүл чордонуна чыкты.
Радио
Иманакун уулу: Бишкекте көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулууда