БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында төрт эм төрөлдү. Ымыркайларды 29 жаштагы келин Чүй облустук төрөт үйүндө жарыкка алып келгенин Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Төрт эмдин бирөө уул, үчөө кыз балдар. Келин ымыркайларды операция жолу менен төрөдү.
Биринчи наристенин (кыз) салмагы 2494 грамм, бою 48 сантиметр, экинчисинин салмагы 2048 грамм, бою 46 сантиметр, үчүнчүсүнүн салмагы 2218 грамм, бою 46 сантиметр. Ал эми төртүнчү ымыркайдын (эркек бала) салмагы 2432 грамм, бою 48 сантиметр.
Учурда ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.