Башкы прокуратура Алмазбек Исманкуловду жана мэриянын кызматкерин кармады

Буга чейин Башкы прокуратура аларга "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура "Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департментинин башчысы Талант Рыскулбек уулун кармады. Маалыматты мекемеден тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, кармалган адамдар Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын экинчи корпусуна байланышкан коррупцияга шектелүүдө.
Исманкулов жана Рысбек уулу Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги белгилүү болду.
Алмазбек Исманкулов менен мэриянын кызматкерлерине иш козголду