БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитети автоунаа жана унаа тетиктери сатылган базарлардан 2022-жылдын IV кварталында мамлекетке канча акча түшөрү туурасында маалымат берди.
Статистикага ылайык, былтыр октябрь-декабрь айларында мамлекетке соода жайларын колдонгону үчүн жыйымдан (салык) 58,1 миллион сом чогултулган.
Жалпысынан өлкөдө машина жана унаа тетиктерин сатуучу тогуз базар иштейт. Анын ичинде 9 845 соода оруну бар, орто эсеп менен ар бири 652 сомдон төлөйт.