Айрымдары өтө кооптуу. 50 жаштан өткөндөрдү тооруган 5 илдет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча, адамдардын көбү 50-60 жаштан кийин ден соолук жаатында олуттуу көйгөйлөргө кабыла баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жаш өтүп бара жатканда пайда боло калчу оорулар тууралуу "Доктор Питер" басылмасына дарыгер Константин Средин айтып берди.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча, адамдардын көбү 50-60 жаштан кийин ден соолук жаатында олуттуу көйгөйлөргө кабыла баштайт. Дал ушул мезгилде дарыгерлер көбүнчө жашоонун сапатына терс таасирин тийгизген ар кандай өнөкөт ооруларды аныкташат", — деди адис.
Андан соң ал улгайып бара жаткан адамдар арасында кеңири тараган беш ооруну санап өттү.
Гипертония
Жогорку кан басымы инсульт, инфаркт, бөйрөк оорулары жана өлүмгө алып келе турган башка көйгөйлөрдүн негизги себеби болуп эсептелет. Статистика боюнча, АКШда 70 миллионго жакын адам андан жапа чексе, Россияда калктын 40 пайызынын кан басымы туруктуу эмес.
Жогорулап кеткен холестерин
Ал атеросклерозго жана кан тамырлардын бүтөлүшүнө алып келиши мүмкүн. Мында инсульт, инфаркт, ар кандай жүрөк оорулары тууралуу сөз болуп жатат.
Артрит
Улгайган адамдардын болжол менен 52 пайызы муун оорусу менен жабыркайт, көбүнчө бул дарт аялдарды кыйнайт.
Кант диабети
Өтө кооптуу оору. Бара-бара башка ооруларга себеп болуп, бутка жара чыгып кетүүсүнө алып келет. Айрым учурда бутту ампутация кылууга туура келет.
Остеопороз
Бул менопауза менен байланыштуу илдет. Башкача айтканда, картайып бара жаткан организм ага майдай жагат. Сөөктөрдү борпоң кылып коёт.
Ден соолукту чыңдоо борбору шарт жок болсо да кыймылды көбөйтүүнүн жолдорун айтышты