Түркияда зилзаладан көз жумгандардын саны 12 391ге жетти. Соңку маалыматтар

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта элди урандылардын алдынан алып чыгуу, зилзаланын кесепетин жоюу иштерине жардам кылып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөө, соңку маалыматтар боюнча, 12 391 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Sputnik Түркия Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына (AFAD) таянып кабарлады.
Жарадарлардын саны 63 миңге чукулдаган, тагыраагы, 62 914 киши деп билдиришкен.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Жер титирөө Сирияга да кесепетин тийгизди. Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги 1 200 киши каза таап, 2000ден ашыгы жарадар болгонун айтышты.
Түркияга жардам берүү үчүн дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн куткаруучулар келип түшкөн. Арасында кыргызстандык адистер да бар, алар учурда Кахраманмараш шаарында элди урандылардын алдынан алып чыгуу жана зилзаланын кесепетин жоюу иштерине жардам кылып жатышат.
Сирияда 40 саат уранды алдында жаткан үч бала менен чоң кишини алып чыгышты. Видео