Пресс-борбор

Шаардагы таштанды контейнери күйүп жатса кимге кайрылуу керек? Тиешелүү номер

Алиев муниципалдык ишкана өрттү өчүрүүгө кызыкдар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкекте таштанды салган контейнер өрттөнүп жатканын көргөн жарандардын кайда кайрылса болорун айтты.
Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев
0 (504) 88-80-89 — "Тазалыктын" күнү-түнү иштөөчү номери. Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборундагы брифингде компания мүлкүн сактап калууга кызыкдар экенин белгиледи.
"Бизге чалсаңыздар болот. Күзөттөгү кызматкерлер каалаган жерге, каалаган убакта барышат. Өрттөнүп жаткан таштандыны өчүрүүгө кызыкдарбыз. Анткени зыян биздин бюджетке келип жатат", — деди Алиев.
Ал жарандарды жардамга чакырып, эгер өрт чоң болбосо, өз алдынча өчүрүүгө чакырды.
"Кокус жалын күчөп кетсе, өрт өчүрүү кызматына да кайрылыш керек", — деп кошумчалады "Тазалык" ишканасынын жетекчиси.
Анын айтымында, кышында көп учурда үй-жайсыз жүргөндөрдүн, селсаяктардын аракетинен өрт чыгууда.
Нарын: 25 бүтүрүүчүнү Медакадемияда акысыз окутуп, кайра облуста иштетүү каралууда