Советтик учкуч Чкаловдун эстелигин Киевде алып салышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Советтик учкуч Валерий Чкаловдун эстелигин Киевде алып салышканын жергиликтүү УНИАН агенттигине таянып РИА Новости кабарлады.
Андан мурдараак шаарда эстеликти алып салууга даярдык көрүлгөнү кабарланган.
РИА Новости видеону өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
"Киевде советтик учкуч Валерий Чкаловго коюлган эстеликти алышты", — деп билдирген агенттиктин Telegram-каналында.
Жакында советтик генерал Николай Ватутиндин да монументи алынарын белгилешти.
Советтик тарыхты чагылдырган тарыхый инсандардын эстеликтерин алуу, көчөлөрдүн атын өзгөртүү Украинада 2015-жылы декоммунизация жөнүндө мыйзам кабыл алынганда башталган.
Ригада тарыхый эстелик алынып, РФ элчилиги Латвияга нааразылыгын билдирди