Жаш балага жакындары тарабынан көңүл буруу жетишпеген учурда ал виртуалдуу дүйнөдө өзүн жакшы сезет. Бул тууралуу Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, телефонго берилген балдардын сөзсүз бир себеби бар.
"Интернет колдонуу — замандын талабы. Учурда балдар сабакты да ал жактан окуп жатышат. Бирок ар бир нерсенин өзүнүн чеги бар экенин унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, көпчүлүк ата-эне балдарына "мына, көрө бер" деп телефонун карматып коюп, көзөмөлдөбөй келишет. Кээ бирлер таң атканча аны карап отура беришет. Балдар эң узак дегенде күнүнө бир саат, колдон келсе жарым гана саат пайдаланганы дурус. Эгер бала интернетти максаттуу пайдаланса, ал башка кеп. Бала телефонду көп карап жаткан болсо ата-энеси анын эмоцианалдык абалы менен көбүрөөк иштеши керек. Анткени себепсиз эле балдарга виртуалдуу дүйнө кызыктуу болушу мүмкүн эмес. Балага жакындары тарабынан көңүл буруу жетишпей жаткан учурда гана интернет-жашоосунда өзүн жакшы сезет", — деди психолог.
Ал интернетке бир кызыккан бала андан ары да кызыгып кете беришин кошумчалады.