БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Москвадагы "Царицыно" мамлекеттик музей-коругунда кыргыз тилинде экскурсиялар өтө турганын Sputnik агенттигине музейдин маалымат кызматы билдирди.
"Декабрь айында биз "Элдик чыгармачылык изденүү" көргөзмөсүн ачканбыз, ал шарттуу түрдө СССРдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына туш келди. Жалпысынан Россия элдеринин маданий мурастары жылынын бир бөлүгү болууга жетиштик. Биздин көргөзмөдө экскурсиялар орус тилинде гана эмес, башка тилдерде да өтсө жакшы болмок деп чечтик", — дешти музейден.
"Гараж" заманбап искусство музейи менен кызматташуунун аркасында "Царицынодо" эми армян жана кыргыз тилдеринде экскурсиялар баштады.
"Кыргыз тилинде экскурсияларды блогер жана журналист Элиза Шаева жана лингвист Асипа Жумалиева өткөрөт. Учурда жакынкы даталары аныкталды: 25-февраль, 8-март жана 12-март", — деп айтылат билдирүүдө.
Толук маалыматты музейдин сайтынан алса болот.