Радио

Тил комиссиясы жасалма интеллектини кыргызча сүйлөтүү аракетин көрүүдө

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев жаңы технологияларга кыргыз тилин киргизүү аракеттери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жасалма интеллектини кыргызча сүйлөтүү аракети жүрүүдө. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн 15 миллион сомдук компьютер "Кыргызтелекомдун" имаратына орнотулууда.
"Соңку убакта мамлекеттик тилди жагымдуу, жугумдуу кылууга маани берилүүдө. Алсак, кыргыз тилин жасалма интеллектиге киргизүү аракети жүрүп жатат. Мисалы, Россияда "Алиса" орусча сүйлөйт эмеспи. Биз дагы ошол жолго түшүп, жакында 15 миллион сомго суперкомпьютер алынды. Учурда аны жөндөө иштери жасалууда. Мына ошол компьютердин көмөгү менен жарнамалардан тарта көлөмдүү тексттерге чейин талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Мындан тышкары, анын жардамы менен үндү текстке, кайра текстти үнгө айландырса болот. Компьютер 15 мүнөттө 700 барактуу китептин каталарын оңдоп чыга алат", — деди Осмоналиев.
Ошондой эле ал 21-январдан баштап эне тилдин бир айлыгы жарыяланганын кошумчалады.