Элчи зилзала болгон аймактагы кыргызстандыктарды Газиантеп аэропортуна чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түркиянын зилзала болгон аймактарынан кыргызстандыктарды Өзбекстандын атайын учагы менен 9-февралда эртең менен алып чыгуу сүйлөшүлдү. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирип, ал аймактардагы мекендештерге кайрылды.
"Газиантеп — Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашуу болду. Буга байланыштуу Өзбекстан аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарды Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз", — деп билдирген элчи.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышуу керек: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.
Атайын борт менен Түркиядан 17 кыргызстандык эвакуацияланды