Жогорку Кеңештин депутаттары Түркияга эки күндүк маянасын которот

Бүгүнкү жыйындын башында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев демилге көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк эмгек акысын Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга которот.
Бүгүнкү жыйындын башында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев Түркия Кыргызстан үчүн тууганчылык жактан эле эмес, саясий жактан да өнөктөш экенин белгилеп социалдык тармактар боюнча көп жардам берип келгенин айтты.
Мындан улам депутаттарды эки күндүк маянасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ачылган банктык эсепке которууну сунуштады.
Вице-спикер Жамиля Исаева аталган демилгени добушка коюп, депутаттардын баары колдоп беришти.
Элчи зилзала болгон аймактагы кыргызстандыктарды Газиантеп аэропортуна чакырды