Талиева: Баткенде үйү тонолгон 131 киши кыйналып, өкмөттөн жардам сурап жатат

Эл өкүлүнүн айтымында, тургундар кышкысын отун-суудан кыйналганын айтып арызданышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырында үй-жайы тонолгон тургундар кыйналып жатканын айтып, өкмөттөн жардам суроодо. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди.
Ал Лейлек районунда үйлөрү таланып-тонолуп, материалдык чыгымга учураган 131 адамдан кайрылуу түшкөнүн белгиледи.
"Ар биринин өзүнчө телефон номери, дареги менен баарын чогулттум. Кыштын күнүндө абдан кыйналып жатабыз деп баары жазып жатат. "Үйүбүздө эч нерсе калган эмес, бизге эч кандай компенсация, жардам берилбей калды" деп арызданышууда. Ооба, үйү күйгөндөргө жардамдар берилип жатат, буга эл да ыраазы. Бирок турак жайы тонолгондорго жардам көрсөтүлбөй жатат да. Ушундай эле маселе Баткен районунда дагы бар. Мен баарын чогултуп туруп өкмөткө жөнөтөмүн. Ушуларга акчалай жардам көрсөтүш керек, "кышта көмүр, отун-суудан кыйналып жатабыз" деген эле кайрылуулар", — деди Талиева.
Депутат бул маселени көңүл сыртында калтырып коюуга болбой турганын белгиледи.
Парламентте Баткендеги тамдардын курулушу боюнча отчёт талап кылынды